Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Үй талап кылгандар Нарын мэриясына төшөк салып, жатып алды

31.12.2020 10:29
2323
Үй талап кылгандар Нарын мэриясына төшөк салып, жатып алды

Нарын шаарынын аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган 10 батирлүү турак жайды жеке менчикке чыгарууну талап кылгандар мэриянын имаратына төшөк салып жатышты. Бул тууралуу "Turmush" басылмасы  билдирди.


Шаар башчысы Нурбек Молдокадыров алар менен бир нече ирет сүйлөшүүгө аракет кылганы менен нааразы болгон топ анын сөзүнө макул болгон жок. Кечээ, 30-декабрда кечинде үйлөрүнөн алып келген жууркан-төшөктөрдү иш бөлмөгө салып, жатып алышты.


Ага чейин алар мэрдин иш бөлмөсүнө кирип, майыптар үчүн курулган үйдү майыптарга биротоло өткөрүп берүү керек экенин билдирип, документ берүүнү мэрия кармап жатканын айтышкан болчу.


«Бизге делген турак үй 2018-жылы бүткөрүлсө дагы менчикке берилбей келет. Эки жылдан бери менчикке делген документтерди мэрия кармап жатат. Алар ушул жылдын аягында берилет деп айтышкан. Бирок жыл аяктаганына карабастан документтер берилбей жатат. Ошол үчүн келдик», - деди алар.


Ал эми Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга салынган турак жай мамлекет тарабынан курулганын жана муниципалдык турак жай экенин, менчикке чыгарууга Нарын шаардык кеңешинин тийиштүү токтом, макулдугу керек экенин билдирген.


«Турак жайды жеке менчикке бер деп жатасыздар. Бул боюнча бардык документтер бүткөн. Азыркы учурда Нарын шаардык кеңешинин макулдугу керек болуп жатат. Документтерди бүтүрүү үчүн көп убакыт кетти. Эми мыйзамдуу түрдө бүтүрөлү. Жеке менчикке өткөрүп алгандан кийин араңыздарда сатабыз деген адамдар бар экен. Мамлекет атайын каражат коротуп куруп жаткандан кийин бардыгы мыйзам менен бүткөрүлүшү керек.

Бүгүнкү күндө сиздер талап кылган документтердин баары бүткөн. Болгону жергиликтүү кеңештин макулдугу калды», - деди шаар мэри.


Буга макул болбогон тургундар шаар мэринин кетишин талап кылышкан. Ортодо кайым айтышуу да болгон.


Аталган турак жай мамлекеттик бюджетттин эсебинен 15 млн сомго курулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн