Ошто куткаруучулар эшиги бекилип калган үйдүн эшигин ачып берди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
У. Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин жашоочусу куткаруу кызматына чалып, 13, 11 жана 2 жаштагы кыздары көп убакыттан бери эшигин ачпай жаткандыгын айтып жардам сурап кайрылган. Аталган дарекке куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылган.
Жеринде 12 кабаттуу үйдүн 4- кабаттан 3-кабатына терезе аркылуу кирип, эшигин ачып беришкен. Эшик ачылбай калганынын себеби жаш балдар уктап калганы болгон.
Куткаруучулар кыздарын апасына өткөрүп беришкен. Үй ээси жана кыздары медициналык жардамга муктаж болгон эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн