Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Үйдөн чыккан өрттөн 61 жаштагы киши каза болду

Үйдөн чыккан өрттөн 61 жаштагы киши каза болду

Новопокровка айылында турак үй өрттөнүп, эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн