Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Үйгө чакырып достошконбуз. Садыр Жапаров Адахан Мадумаровду ынтымакка чакырганын билдирди

21.02.2023 12:10
210
Үйгө чакырып достошконбуз. Садыр Жапаров Адахан Мадумаровду ынтымакка чакырганын билдирди

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигинин журналистине маек берип, анда Адахан Мадумаровду да ынтымакка чакырганын билдирди 


"Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, - дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек",- деди президент Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн