Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Үйлөнүш оңой эле, бирок күйөө болуш жаман кыйын...

08.02.2024 11:45
301
Үйлөнүш оңой эле, бирок күйөө болуш жаман кыйын...


Чогуу жашап жаткан кишиңди сүйүш кандай кыйын болсо, сүйгөн кишиң менен жашаш ошондой эле кыйын.

(Ж.Ростан)


Кайгысы жок жашагың келсе, анда үйлөнбө.

(Менандр)


Бейиш кандай экенин биз билбейбиз, бирок бир нересени анык билебиз: бейиште үйлөнүү, турмушка чыгуу деген болбойт.

(Д.Свифт)


Ойноштун ролуна элге көрсөткөндөн уялбаган киши керек, ал эми күйөөнүн ролуна болсо ар кандай эркек жарай берет.

(Н.Шамфор)


Ар кандай эркекке жашоодо үч аял керек: энеси, аялы, анан жок дегенде аны эркек деп эсептеген бир аял.

(Г.Лауб)


Математикада гана эки жарты бир бүтүн болот. Жашоодо болсо такыр андай эмес, акылы бөксө аял менен акылы бөксө эркек албетте, эки жарты, бирок экөө кошулганда эч качан бир бүтүн боло алышпайт.

(В.Ключевский)


Жок дегенде бир аялдын анатомиясын өздөштүрүп, денесин “союп” көрбөй туруп эркектин үйлөнгөнгө укугу жок.

(Оноре Бальзак)


Эркектин бактысы ал үйлөнбөгөн аялдарга байланыштуу.

(Оскар Уайльд)


Эгер жубайлар чогуу жашашпаганда бактылуу үй-бүлөлөр көп эле болмок.

(Фридрих Ницше)


Бирөөлөрдүн көзүнчө аялың менен эркелешпе, чырдашпа. Эркелешкен келесоолуктун, чырдашкан кутургандыктын белгиси.

(Клеобул)


Эгерде эркектер аялдар өздөрү жалгыз калганда эмне кыларын билишкенде, эч качан үйлөнүшмөк эмес.

(О.Генри)


Нике шакеги – үй-бүлөлүк жашоодогу чынжырдын биринчи звеносу.

(Козьма Прутков)


Эркек ар дайым бирөөнү сүйүп турушу керек. Ошондуктан, анын үйлөнбөгөнү дурус.

(Оскар Уайльд)


Эркектердин көпчүлүгү мага скрипкада ойномокчу болгон орангутангдай сезилет.

(Оноре де Бальзак)


Мен жүргүзгөн согуштардын эң кыйыны – бул аялым экөөбүздүн ортобуздагы согуш болду.

(Александр Македонский)


Үйлөнүш оңой эле, бирок күйөө болуш жаман кыйын...

(Мигель Унамуно)


Ойношуңду күйөөгө айлантуу кандай кыйын болсо, күйөөңдү ойношко айлантуу да ошондой эле кыйын.

(Оноре де Бальзак)


Сүйгөнүң – бул бир бөтөлкө шарап, ал эми аялың – шараптын бөтөлкөсү.

(Шарль Бодлер)


Силер эмне, Лаурага үйлөнүп калганда Петрарка ага өмүр бою ыр арнап, сонеттерди жазмак деп ойлойсуңарбы?

(Дж.Байрон)


Үйлөнөр замат мен катынга айландым.

(Антон Чехов)


Сүйүүсүз нике – бул өмүр бою созулчу каторга.

(Жорж Санд)


Бактылуу үй-бүлө – бул бири-бирин кечире билгендердин союзу.

(Рут Белл Грэм)


Бир көз караштан эле сүйүп калганды оңой эле түшүндүрсө болот, ал эми эки адам бири-бирин өмүр бою караганы – бул чыныгы керемет.

(Сэм Левенсон)


Чыныгы сүйүү эч качан сүйүү менен бүтпөйт.

(Иван Бунин)


Эркектер аялдарынын “көзүнө чөп салганда” эле кыйын.

(Мерилин Монро)


Сүйүүсү жок үй-бүлө – бул мыйзамдаштырылган сойкулук.

(Андре Моруа)


Сүйүү сокур, бирок нике көздүн көрүүсүн кайра калыбына келтирет.

(Георг Кристоф Лихтенберг)


Алгач сүйүү, анан нике. Алгач жалын, анан түтүн.

(Николя де Шамфор)


Нике – бул эркек менен аялдын ортосундагы согуш, ким жеңсе эркиндикке ээ болот.

(Оноре де Бальзак)


Нике – бул кооператив, анын сүйүүгө эч тийешеси жок.

(Лев Давидович Ландау)


Бактылуу үй-бүлө – бул күйөөсү аялы али айта элек сөздү түшүнгөнү.

(Альфред Хичкок)


Менимче, ажырашууларды токтотуунун жападан-жалгыз жолу – бул никелешүүлөрдү токтотуу.

(Уилл Роджерс)


Нике – ажырашуулардын негизги себеби.

(Лоуренс Питер)


Нике – аялың кандай кишиге турмушка чыкмакчы болгонун билүүнүн эң жакшы жолу.

(Янина Ипохорская)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн