Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:11
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Үйлөрдү тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, экөө Казакстандын жараны (видео)

27.10.2020 13:24
673
Үйлөрдү тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, экөө Казакстандын жараны (видео)

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери үйлөрдөн мүлктөрдү уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн  кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, кылмыштуу топтун эки мүчөсү чет өлкөлүк жарандардан болушат. Жакында эле алар Ленин районунун аймагынан ири суммадагы акча каражатын,  алтын жасалгаларды уурдап кетишкен. Андан сырткары, шектүүлөр Бишкек шаарынын аймагында андан башка ондогон уурулукту жасоого шектелишүүдө. 


Ушул жылдын 21-октябрь күнү кылмышкерлер Матыев  көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип, 100 миң сом акча каражатын, алтын жасалгаларды уурдап кеткен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан. Аталган факты КЖБРге катталып, Ленин РИИБи Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2,3-пунктары (адамдардын тобунун ири көлөмдөгү уурулукту жасоосу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.  Шектүүлөр автоунаа менен жүрүшүп, бирөөсү унаада калып, калган экөө үйгө уурулукка кирген соң, зер буюмдарды жана акча каражаттарын  уурдап кетип жүрүшкөн.


Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүшүп, натыйжада үй ууруларынын тобу шаарга жакын жерден кармалган.  Кармалган жарандардын өздүгү такталып, мурда бир нече жолу соттолгон Казакстандын жарандары 1988-жылы туулган Г.С. менен 1988-жылы туулган Ф.М., Чүй облусунун Аламүдүн районунун 1962-жылы туулган Б.В. экендиги аныкталган. 


Азыркы учурда мүлктөрдү уурдоо боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн