Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө каражаттар жетиштүү, - ИИМ

18.03.2021 14:05
495
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө каражаттар жетиштүү, - ИИМ


Азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү көзөмөлдөө жана алар менен күрөшүүгө каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


“Ишкерлер өз ишмердүүлүгүнүн жетиштүү деңгээлде корголгонун билиш керек. Ишкерлер өзгөчө укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын криминалитеттен коргош үчүн укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен тыгыз мамиле болуулары керек”, - деп эскертет ИИМ. 


Ички иштер министрлиги белгилегендей, укуктук тартипти бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өз милдеттерин жүргүзүүнү улантууда. Инсандын коопсуздугун камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо приоритеттүү багыт болуп саналат.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын жанан 2021-жылдын 2 ай ичинде ички иштер органдары уюшкан кылмыштуулуктун 200дөн ашык субьектисин кармашкан. Алар ар кандай кылмыштарды жасоого шектелгендер жана издөөдө жүргөндөр.


Кармалгандардын арасында 10дон ашыгы криминалдык чөйрөдө жогорку статуска ээ. 2020-жылы 18 опузалап талап кылуу фактысы боюнча укукка каршы аракеттерге тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 22 адам кармалган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн