Вашингтондогу башаламандыкка байланыштуу Кыргызстандын Америкадагы элчилиги кыргыз жарандарына кайрылды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Элчилик кыргызстандыктарды тополоңдон алыс болууга, ошондой эле массалык адамдар топтолгон жерге барбоого чакырат. Капыстан кыргыз жарандары жаракат алса, элчиликке дароо билдирүүсүн суранган.
Белгилүү болгондой, АКШ борборунда массалык башаламандык болуп, митингчилер АКШ Конгресс үйүнө чейин кирип барган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн