Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Венада КР ИИМи менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууланды

05.11.2021 17:18
925
Венада КР ИИМи менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууланды


Бүгүн, 5-ноябрында КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Австриянын Вена шаарында Европа коопсуздук келишим уюмунун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын 15-конференциясынын алкагында ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Улан Ниязбеков ЕККУ Кыргызстандын Ички иштер министрлигин 20 жылдан бери колдоп келе жаткандыгын белгилеп, бирок өзгөчө олуттуу жетишкендиктер 2003-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде Полициялык программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө кесиптик даярдыктын жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жетишээрлик жогорку деңгээлине жеткендигин маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков ЕККУнун Стратегиялык мерчемдөө бөлүмүн жолугушууну уюштуруп, КР ички иштер органдарына системалуу реформалоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн