Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 13:19
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Венгрия Кыргызстанга гуманитардык жардам берди (сүрөт)

16.07.2020 17:56
1087
Венгрия Кыргызстанга гуманитардык жардам берди (сүрөт)


Венгрия коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Бишкекке жумушчу сапары менен келген.


"15-июлда кечинде КР менен Венгриянын ТИМ башчылары Чыңгыз Айдарбеков жана П.Сийярто жолукту. Министрлердин жолугушуусу учурунда гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Венгрия өкмөтүнө кыргыз тарабынын ыраазычылыгы билдирилди", - деп айтылат маалыматта.


Буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери, ошондой эле 2020-жылы президент С.Жээнбековдун Венгрияга сапарын уюштуруу жолу менен кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланды


Венгриянын ТИМ башчысы венгер тарабынын жакынкы аралыкта Венгриянын КРдагы толук кандуу элчисин дайындоо ниетин айтты. Венгриянын КРдагы элчилигинин Европа Биримдигинин кээ бир өлкөлөрү үчүн алардын өтүнүчү менен виза маселелерин кароого даярдыгы билдирилди.


Ошондой эле венгер тарабы Австрияда жашаган КР жарандары берип жиберген жардамды дагы алып келди. Венгриянын тышкы иштер жана соода министри П.Сийяртонун сапарынын жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн Дипломатиялык академияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн