Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Венгрия менен Кыргызстандын ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалууда

10.11.2022 22:55
311
Венгрия менен Кыргызстандын ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Самарканд шаарында  Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.


Кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Ошондой эле өлкөлөрдүн лидерлери транспорттук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.


Садыр Жапаров Виктор Орбан менен жолугушууга кубанычта экенин жана Кыргызстан үчүн боордош өлкө, стратегиялык өнөктөш болгон Венгрия менен кызматташтыкты жогору бааларын белгиледи.


Мамлекет башчысы баса белгилегендей, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери жогорку көрсөткүчкө жетип, ошол эле учурда аларды жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу потенциал бар.


Ал ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык мамилелердин бекемделгенин белгилеп, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагындагы жалпы суммасы 24 млн АКШ долларын түзгөн конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу белгиленгенине көңүл бурду.


Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода мамилелеринин потенциалы кыйла жогору болгондугуна карабастан, толук көлөмдө пайдаланылбай жатканын белгиледи. Ал өз ара сооданы көбөйтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоону маанилүү экенин белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүү механизми болуп Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясы саналарын кошумчалады.


Президент Венгриянын ТМУнун ишмердүүлүгүнө активдүү катышуусун толук колдой турганын билдирди.


Мындан тышкары, Садыр Жапаров венгер тарапка кыргызстандык студенттердин Будапештте билим алуусуна шарт түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанды жана Венгриянын президенти Каталин Новакты ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырып, бул иш-чаралар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого түрткү берет деген ишенемин билдирди.


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өз кезегинде мамлекет башчыларынын бетме-бет жолугушуулары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берерин баса белгилеп, учурда жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар каралып жатканын эске салды.


Ал Кыргызстан менен Венгрия тарыхый тамыры жалпы бир тууган өлкөлөр экенин белгилеп, венгер тарап Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди.


Виктор Орбан Венгрия президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң натыйжаларды көрүп жатканын кошумчалады.

Венгриянын Премьер-министри эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы үчүн толук пайдаланыла элек зор мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурду.


Ал экономикалык кызматташтык жаатында практикалык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, артыкчылыктуу маселелердин бири катары өлкөлөр ортосунда түз аба каттамын ачуу зарылдыгын мисал катары келтирди.


Садыр Жапаров менен Виктор Орбан ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин бакубатчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн