Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Венгрия өкмөт башчысы Орбан Садыр Жапаровду куттуктады

13.01.2021 13:01
644
Венгрия өкмөт башчысы Орбан Садыр Жапаровду куттуктады

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Садыр Жапаровду  президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик кызматына талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы билдирди.


«Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүбүзгө кубанычтамын. Акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык мамилелерибиз мындан ары да өз ара урматтоонун негизинде улана берерине үмүт артамын. Венгрия Өкмөтү мындан ары да өз ара кызматташууну тереңдетүүгө жана Түрк Кеңешиндеги иштерди биргелешип ийгиликтүү жүзөгө ашырууга багытталган иш-аракеттерди улантарына Сизди ишендирем. Жооптуу ишиңизге ийгиликтерди жана бекем ден-соолук каалайм”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн