Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

05.10.2021 14:51
1701
Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, элчиликтин расмий ачылыш аземине Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П. Сийярто, ТМККнын Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, КРнын Венгриядагы Ардактуу консулу Э. Эрдош, ошондой эле Венгриянын ЖОЖдорунда окуган кыргыз жарандары катышты.


КР Венгриядагы элчилигинин расмий ачылыш аземинин жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Казакбаев венгер тарапка жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П. Сийяртого Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин ачуу маселесине колдоо жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


КР президентинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы Жарлыгы менен КР Венгриядагы элчилиги түзүлдү. Венгрияда КР элчилигинин ачылышы эки тараптын ийгиликтүү жана кылдат ишинин жыйынтыгы жана Кыргызстан менен Венгриянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүдөгү тарыхый окуя болуп калды.


Министр Казакбаев ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу КРнын Венгриядагы элчилигинде шайлоо участогун ачуу пландалып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.


Казакбаев Венгрия менен стратегиялык өнөктөштүк жалпысынан ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын жана ушул жылдын 4-октябрында Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин 1-жыйыны өткөрүлө тургандыгын белгиледи.


Мындан тышкары, келээрки жылы Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет, ушуга байланыштуу бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн