Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 04:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Венгрияда билим алууну каалагандар үчүн сынактык тандоолор башталды

29.11.2022 15:33
259
Венгрияда билим алууну каалагандар үчүн сынактык тандоолор башталды

2022-2024-жылдарга Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында 2023-2024-окуу жылында Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууга сынактык тандоо башталды.


Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жарандарына Венгриянын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.




“Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Башка агенттиктер аркылуу тапшырбаңыз жана алардын тапшыруу кызматтары үчүн акы төлөбөңүз”, - деп айтылат маалыматта.


Стипендиялык программага катышуу боюнча суроолорду иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519, 620497 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.


Ошондой эле 2022-жылдын 1-декабрынан 2023-жылдын 13-январына чейин программага катышуу боюнча суроолорду [email protected] электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн