Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 04:22
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Ветинспекциянын директору жана бир катар кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

30.10.2020 12:49
516
Ветинспекциянын директору жана бир катар кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды


Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору жана бир катар кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө түзүлгөн келишимдердин негизинде, малдын санын көбөйтүп, бааны жасалма жол менен жогорулатуу аркылуу көмүскө киреше алып турган.

Ошондой эле тышкы компаниялардын катышуу мүмкүнчүлүгүн чектеген коррупциялык схема колдонулган. Ал мамлекеттик сатып алууларга көзөмөлгө алынган гана компаниялардын катышуусун камсыздаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында вакцина жана биодарыларды өзгөчө ири өлчөмдө илимий-экономикалык негизсиз сатып алуу фактылары аныкталды.

Жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ж.К.Т. аттуу мамлекеттик инспекциясынын директору, А.М.Ж. аттуу башкармалыктын башчысы, Р.Ч.О. аттуу бөлүмдүн башчысы жана Ч.С.Б. аттуу лабораториянын башчысы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн