Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:30
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Вьетнамда алтын мейманкана иштей баштады

03.06.2020 18:33
1092
Вьетнамда алтын мейманкана иштей баштады


Бул ичи жана тышы 24 караттык алтын менен капталган дүйнөдөгү 5 жылдыздуу биринчи мейманкана деп маалымдады Vietnam Insider.


Курулушу 2009-жылы башталган Dolce Hanoi Golden Lake мейманканасы алгачкы конокторун 1-июнда кабыл алды.


Hanoi Golden Lake тармагынын расмий сайты кардарларга падышалык стилдеги элеганттуулукту убада кылууда. Мейманканада вестибюлдан тарта, бардык эмеректерге, раковиналар менен ванналарга, ошондой эле бир катар жасалгалар менен аксессуарларга алтын жалатылган.


Арийне, мейманканаларды алтын менен аземдөө буга чейин башка өлкөлөрдө да колдонулган мисалдар бар. Алсак, Дубайдагы Burj Al-Arab мейманканасынын лифти жана лоббиси 22 караттык алтын менен капталган, Лас-Вегастагы Trump International Hotel Las Vegas мейманканасынын терезелерине, Бириккен Араб Эмираттарындагы Emirates Palace мейманканасынын ички шыбы менен дубалдарына да алтын капталган.


Вьетнамдык ЖМКлардын маалыматы боюнча Dolceде бир түнөө 250 доллардан башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн