Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Видеокамералардын жардамы менен изи сууй электе 2 141 кылмыштын бети ачылды, - министр

18.07.2022 10:59
411
Видеокамералардын жардамы менен изи сууй электе 2 141 кылмыштын бети ачылды, - министр


Көчөлөргө коюлган видеокамералардын жардамы менен изи сууй электе 2 141 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, уурулук, турак жайды тоноого, мал уурулукка, бейбаштыктарга, коомго жат көрүнгөн уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу үчүн өлкө аймагына 2 миң 141 видеокамера орнотулуп, ишке киргизилген.

"Ички иштер министрлигинде "Мониторинг борбору", Бишкек шаарынын аймагында "Командалык борбору", ички иштер органдарындагы нөөмөт бөлүктөрүндө "Көзөмөл пунктулары" ишке киргизилген. Видеокамералардын жардамы менен 1 428 кылмышты болтурбай убагында токтотуп калдык. Ал эми изи сууй электе 2 миң 141 кылмыштын бетин ачууга жетиштик", — деди Ниязбеков.

Учурда министр алты айлык иштери боюнча ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берип жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн