Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Вице-мэрдин төрагалыгында Бишкектеги мектептердин актуалдуу маселелери талкууланды

18.08.2022 12:37
465
Вице-мэрдин төрагалыгында Бишкектеги мектептердин актуалдуу маселелери талкууланды



Муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында курулуп жаткан объектилерди ишке киргизүү, билим берүү мекемелерин оңдоо жана окуу жылын баштоо маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, жыйынга район акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, билим берүү башкармалыгынын башчысы, райондук  билим берүү борборлорунун жетекчилери, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери жана башкалар катышты.


Мектептерди куруу, ошондой эле материалдык-техникалык база, окуу китептери менен камсыз кылуу маселелерин талкууладык. Мындан тышкары, №60, 62, 39, 13, 64 орто мектептердеги жана №30 көмөкчү орто мектептеги муниципалдык имараттарды бошотуу маселесин көтөрүштү.  Борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин жанында жайгашкан жол белгилерин жаңылоо маселеси да каралды.


В.Мозгачева белгилегендей, учурда «Мектепке электрондук кабыл алуу» АИСге балдарын каттабаган жарандардын арыздарын объективдүү кароо боюнча комиссия иштеп жатат. Мындан тышкары, 2022-2023-жылдарга карата  кадрлар менен камсыз кылуу  маселесин карадык.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн