Баш оона 24, 2025
Убакыт: 23:48
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Вице-премьер-министр Ысык-Көлдөгү жаш кыздын турмушка чыгышы боюнча тиешелүү тапшырма берди

21.12.2020 20:53
6599
Вице-премьер-министр Ысык-Көлдөгү жаш кыздын турмушка чыгышы боюнча тиешелүү тапшырма берди

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга Кыргызстан Мусулмандардын Дин Башкармалыгы менен биргеликте жашы жете электер менен нике  өткөрүүгө жол бербөө үчүн дин кызматкерлери жана калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.



Анын айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусунда 18 жашка чыга элек кыздын турмушка чыгуусуна байланыштуу кырдаалды тактоо тапшырмасы берилди.


Буга чейин адвокат Камил Рузиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 31 жаштагы тургуну нике жөрөлгөсү менен 16 жаштагы кызга үйлөнгөнүн билдирген.  Бул иш азыр теритирүү башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн