Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров: Мечиттерди курууну токтоткула

06.01.2021 12:16
1307
Вице-премьер-министр Равшан Сабиров: Мечиттерди курууну токтоткула


"Мечиттерди курууну токтоткула, андан көрө мектептерди, бала бакчаларды жана үйлөрдү  кургула", - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшан Сабиров бүгүн, 6-январда, Ош облусундагы элчиликте өткөн экономикалык конференцияда. Бул тууралуу "Turmush" басылмасы жазып чыкты.


Анын айтымында, кайрымдуулук фонддору мектептерди жана турак жайларды курушу керек.


«Аламүдүн районунда социалдык шаарчанын ачылышына катыштым. Ал жерде кайрымдуулук фонддору көптөгөн мечиттерди курушуптур. Мындайды токтоткула дедим. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн мектептер, бала бакчалар жана социалдык турак жайларды курууну сунуш кылдым. Алар ыраазы болушат. Эми алар үйлөрдү, мектептерди, бала бакчаларды курууга аракет кылышарын айтты. Бир фонд 2,5 миң батир курууга убада берүүдө. Кудай буйрусу алар курулат. Бишкекте куруунун кажети жок. Биз аймактарда курушубуз керек. Акимдер менен сүйлөшүү керек», - деди Сабиров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн