Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Вице-премьер-министр жарандарды ашыкча дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

17.03.2020 13:01
655
Вице-премьер-министр жарандарды ашыкча дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды


Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жарандарды ашыкча дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.


Ал бүгүн, 17-мартта өкмөттө өткөн брифингде билдиргендей, коронавирус коңшу мамлекеттерге чейин кирип келгендигине байланыштуу Кыргызстанда да кооптонгондор көп болууда.


"Бирок мен жарандарыбызга кайрылат элем, өтө эле дүрбөлөнгө түшпөй туруңуздар. Азыр Кытайдагы практика айтып жатат, оорунун 80 пайызы жеңил формада өтөт деп", - деди вице-премьер.


А.Өмүрбекова кошумчалагандай, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму так алгоритмдерди берди. Эгерде коронавирус каттала турган болсо дарылоо протоколдору да аныкталган. 


Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигине, адистерге ишенип, алардын чечимдерине макул болуш керектигин айткан вице-премьер гигиенаны туура сактап, ар ким өзүнө өзү кам көрүүгө аракет кылуу керектигин эскертти. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн