Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Виза алып берем деп 7 500 доллар алган. "Ташчайнар" алдамчылыкка шектелүүдө

09.04.2021 12:22
1204
Виза алып берем деп 7 500 доллар алган. "Ташчайнар" алдамчылыкка шектелүүдө

"Ташчайнар" каймана аты менен белгилүү  балбан Нурлан Алишеров алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу "Супер.кг" порталына  жабырлануучу делинген тараптын жактоочусу Памир Суранбаев билдирген.


Суранбаевдин айтымында, 16-апрелде бул иш боюнча Биринчи Май райондук сотунда алгачкы соттук отурум болот.


"Жабырлануучунун аты Каныкей. Ал мындан 2 жыл мурда АКШга виза алмакчы болуп, Нурлан Алишеров менен келишим түзгөн. Анда визаны 15 миң долларга баалап, каражаттын жарымын, тагыраагы, 7 жарым миң долларды Нурлан Алишеров тил каттын негизинде алган. Акчанын калган бөлүгүн виза толук бүтүп, колуна тийгенде алмакчы болуп эки жак келишим түзгөн. Бирок виза ошол бойдон берилген эмес. Жабырлануучу 2019-жылы укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылып, тергөөчүлөр ишти карабай коюшкан. Мен бул иш боюнча эки жолу Башкы прокуратурага кайрылып, иш кайрадан кароого алынып, сотко өттү. 16-апрелде биринчи отурум болот", - деди жактоочу.


Ал эми Нурлан Алишеров өзү соттук отурум тууралуу маалыматы жок экенин билдирген.

"Менин үстүмдөн арыз жазылганы чын. Бирок бул жалган жалаа, мен бир сом дагы алган эмесмин. Далилдерим бар", - дейт ал.


Белгилүү болгондой соттук отурум Биринчи Май райондук соту бул иш боюнча процесс 16-апрель күнү саат 15:00гө дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн