Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

06.12.2022 10:12
249
Владимир Путин  Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады



Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.


«Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Россиялык лидер Россия менен Кыргызстандын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча диалогдун жана биргелешкен иштин уланышына ишенет.


Россиянын Президенти Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн