Владимир Путин бүгүн, 8-майда Кремлде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Путин бул жолу Рахмон Орусияда Тажикстандын президенти катары дагы, ЖККУнун төрагасы катары дагы келип отурганын белгиледи. Себеби бул жылы Тажикстан биргелешкен уюмду жетектейт.
Жолугушуу учурунда Путин Рахмонго иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, тажикстандыктардын фашисттик Германияны жеңүүдө кошкон салымын белгиледи.
"Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болот. Россия Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экендигин кубануу менен белгилейм. Ырас, пандемияга байланыштуу соода байланышы бир аз төмөндөгөн, бирок мен аны калыбына келтирип, өнүгөт деп айтууга толук негиз бар деп ишенем", - деди Путин.
Ошондой эле ал эмгек мигранттары боюнча маселенин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Адамдар өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн биз бардыгын жасоодобуз. Учурда бизде чындыгында экономиканын бүткүл тармактарында жумушчулар жетишпей жатат", - деп кошумчалады Орусия президенти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн