Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

06.12.2023 10:08
214
Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады


Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө Сиздин жеке салымыңыз жогору бааланат.

Сиз Россиянын жетекчилигинин эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарында активдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине таянсаңыз болот. Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн