Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

31.12.2021 12:03
701
Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.


«2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү.


Биз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты — элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө берерибизге ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн