Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ворухтун тургуну Кыргызстандын өтүнүчү менен Башкорстанда кармалды

08.02.2021 17:20
3280
Ворухтун тургуну Кыргызстандын өтүнүчү менен Башкорстанда кармалды


1-февралда кыргыз-тажик чек арасындагы тополоңго аралашкан деп айтыпталган тажик жараны Кыргызстандын өтүнүчү менен Башкорстанда кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажиккызматы жазып чыкты. Анда маалымдалгандай, 45 жаштагы Ворух анклавынын тургуну Фуркат Абдуфаттаев Кургарчин райондук сотунун чечими менен 2-мартка чейин камакка алынган.


Тажик жаштары бул окуяны социалдык тармактарда кызуу талкуулап жатканын маалымдаган аталган агенттик, бир ай мурда Ворухтун дагы бир тургуну Диловар Жураев Россиядан Бишкектин өтүнүчү менен кармалганын билдирген. Учурда бул жарандарды Кыргызстанга алып келүү аракети болуп жатканы айтылууда.


Ошол эле учурда тажик жарандары чек арада чыккан жаңжалга себепчи болгон кыргыз жарандары жоопко тартылбай жатканына нааразы болгону аталган маалыматта айтылган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн