Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:33
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Wildberries аркылуу Россияга сатылган продукциянын көлөмү 4,7 млрд доллардан ашты

28.04.2023 15:31
369
Wildberries аркылуу Россияга сатылган продукциянын көлөмү 4,7 млрд доллардан ашты

2023-жылдын биринчи кварталында Wildberries`ке 1,7 миң кыргызстандык бренд чыкты. Мунун эсебинен аталган онлайн-аянтчада ата мекендик өндүрүштү сатуунун көлөмү 4,7 млрд реблга жетти. Бул тууралуу соода платформасынын басма сөз кызматы билдирди.


Платформада катталган жергиликтүү ишканалардын жалпы саны 3,3 эсеге көбөйүп, 8 183кө жеткен. Алардын көбү аялдардын жана өспүрүмдөрдүн кийимдери, балдар товарлары жана китептер сегменттеринде пайда болгон.


"Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн тамак-аш продуктылары, интерьер элементтери, тиричилик буюмдары, оюнчуктары, балдар кийимдери, ошондой эле косметика жана парфюмерия продукциялары эң көп суроо-талапка ээ.


Жергиликтүү продукциянын экспортунун көлөмү жылына 4 эсеге өсүүдө. Кыргызстандын товарларына эң чоң суроо-талап Армения (+340%), Беларусь (+271%) жана Россияда (+309%) өстү.


Кыргызстандын динамикалуу өсүү категориясындагы товарларынын ондугу:


үй үчүн товарлар (+972%);

шторалар жана аксессуарлар (+713%);

баш кийимдер (+1000%);

оюнчуктар (+682%);

идиш-аяк жана инвентарь (+460%);

балдар үчүн кийимдер (+470%);

обут кийим (+348%);

кийим (+314%);

колго жасалган буюмдар (+364%);

тамак-аш (+107%).


* Wildberries`та 2023-жылдын январь-апрель айларындагы сатуулары боюнча маалымат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн