Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Якутиядан 170 кыргызстандык келди

19.06.2020 12:51
858
Якутиядан 170 кыргызстандык келди


Бүгүн, 19-июнда «Манас» эл аралык аэропорту «Якутия» авиакомпаниясынын Якутия–Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Россиянын аталган аймагында жашаган КРнын 170 жараны мекенине кайтып келди. 


Республикалык штабдын маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдүн тизмесине якут ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер – Кыргызстан жарандары, кош бойлуу аялдар жана балдар, ошондой эле оор илдеттери бар, мекенине кайтууга муктаж болгон адамдар киргизилген. 


"Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат. Каттам, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча президент жана өкмөт тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Россия тарап менен өз ара аракеттешүүсүндө жана “Саха Республикасынын "Манас" кыргыз диаспорасынын көмөктөшүүсү менен уюштурулду", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн