Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 17:09
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Январь-февраль айында Бишкекте 28 мектеп окуучусунан коронавирус аныкталды

16.02.2021 16:59
596
Январь-февраль айында Бишкекте 28 мектеп окуучусунан коронавирус аныкталды

Бишкекте 2021-жылдын январь-февраль айларында коронавирус 56 мектеп окуучусунан жана 19 мугалимден табылды  Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы Кубан Кундашев 16-февралда Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда билдирди.


Алардын ичинен мамлекеттик мектептерден 28 окуучу онлайн билим алса, 6 окуучу оффлайн режиминде билим алышкан. Жеке менчик мектептерден 7 окуучу.


Депутат Казыбек Эргешов тактоо боюнча, аралыктан окуган балдар мектепте окуган балдарга караганда көп жугабы деп сурады.


Кундашевдин айтымында, буга чейин коронавируска чалдыккан үй-бүлөлөрдө 28 бала ооруп калган. Ошондой эле ал январь-февраль айларында 19 мугалим ооруп калгандыгын, алар бала бакчалардын, мектептердин жана ЖОЖдордун кызматкерлери экендигин айтты.


"Бул мугалимдер кооптуу аймакта иштейт дегенди билдирет", - деди Эргешов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн