Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6,7 млрд долларды түздү

14.08.2023 10:10
321
Январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6,7 млрд долларды түздү


2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6 млрд 705,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 31,1 %га көп, ошол эле учурда товарлардын импорту 30,3 %га, экспорт 34,6 %га өстү.

Ушул эле аралыкта Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 1 995,7 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 6,6 пайызга кыскарды, товарлардын экспорту 0,4 пайызга өсүп, ал эми товарлардын импорту 9,5%га кыскарды.

Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (66,3%) жана Казакстанга (31,4%) туура келген.

Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 4 709,8 млн долларды түзүп, 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 58,2%га өстү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн