Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:16
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Япония Баткен облусунун жолун жакшыртуу үчүн кайтарымсыз 5,3 млн доллар бөлөт

23.03.2023 13:06
940
Япония Баткен облусунун жолун жакшыртуу үчүн кайтарымсыз 5,3 млн доллар бөлөт

Финансы министрлигинде КР министрлер кабинетинин жана Япония өкмөтүнүн ортосундагы "Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюлду.


Финансы министрлигинен билдиришкендей, кайтарымсыз жардамга кол коюуга Кыргызстандын атынан министр Алмаз Бакетаев, ал эми Япония өкмөтүнөн Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРдагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки катышты.


Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 700 млн япон иени (5,3 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.


Белгиленгендей, долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздукту камсыз кылуу.


Долбоордун аткаруучу органы - КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн