Бүгүн, 4-августта Бишкекте COVID-19 тооруп турган учурда балдарды сапаттуу билим берүү менен камсыз кылуу максатын көздөгөн жаңы долбоор үчүн Япон өкмөтү Кыргыз Республикасына 2,7 миллион АКШ долларын бөлүп жатат. Бул долбоорду ЮНИСЕФ ишке ашырат.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Япониянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда менен ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейниктин ортосунда алмашуу ноталарына кол коюу аземине катышты.
Бул программа Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен COVID-19дун билим берүү системасына тийгизген таасирин жумшартуу жана жооп кайтаруу үчүн иштелип чыккан.
Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданын айтымында, өткөн жылдын март айында Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын алгачкы учурлары аныкталгандан бери Кыргызстан социалдык жана экономикалык жактан чоң сокку алды. “Пандемиядан өзгөчө аялуу балдар жапа чегишти, анткени бул илдет жалпынын укугу болгон билим алууга жеткиликтүүлүктү кыйындатты. Япон Өкмөтү бул долбоор аркылуу билим алуу үчүн адилеттүү жана бардыгын камтыган мүмкүнчүлүктөр камсыздалып, Кыргызстандын балдары туруктуу өнүгүүнүн пайдубалын өз колдору менен түптөйт деп чын дилинен үмүт кылат”,-дейт элчи.
2020-жылдын мартында Кыргыз Республикасында COVID-19дун биринчи учурлары аныкталгандан кийин, өкмөт коомдук саламаттык сактоонун зарыл чарасы катары өлкө боюнча мектептерди жаап, аралыктан окутууну киргизген. Бул 1,44 миллион окуучуга таасирин тийгизди. Өкмөттүн аракеттерине карабастан, ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында COVID-19 пандемиясы маалында балдардын 77%ы дайыма же көпчүлүк учурда сабактарга аралыктан катыша алышкан, ал эми балдардын 23%ы окууга катышкан эмес.
Көпчүлүк мектептер 2020-жылдын декабрынан кийин кайра ачылса да бул балдар үйрөнбөй калган материалдарды башынан окуп чыгуу үчүн кошумча программаларга муктаж болот. Мындан тышкары, COVID-19 мындан ары да окууга тоскоол болбошу үчүн мектептерде талаптагыдай гигиенаны камсыз кылуу, инфекциянын алдын алуу жана көзөмөлдөө абдан маанилүү.
“COVID-19 пандемиясы башталгандан бери 18 ай өттү, тилекке каршы, бүгүнкү күндө дүйнөдө 156 миллиондон ашык баланын билим алуусу үзгүлтүккө учурады. Кыргызстанда мектептердин жабылышы 1,44 миллиондон ашык окуучуга да таасирин тийгизди. Япон Өкмөтү менен ЮНИСЕФтин өнөктөштүгү COVID-19 пандемиясына карабай бардык балдардын сапаттуу билим алуусуна жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн биздин билим берүү программабызды бекемдейт”,- деди ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник долбоорго кол коюу аземинде.
Долбоор Билим берүү жана илим министрлигине мектептерде суу менен жабдуу, гигиена жана санитария боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга, анын ичинде гигиеналык жабдууларды жана буюмдарды сатып алууга, ошондой эле Япониянын практикасын жана тажрыйбасын колдонуу жолу менен гигиенага окутууга көмөктөшөт. Мындан тышкары, долбоор мектептер жабылган учурда аралыктан окууга катыша албай калган балдарга да колдоо көрсөтөт. Кошумча окуу программасы ошондой эле 2-4-класстын окуучуларын санарип технологиялары жана санариптик окутуу менен тааныштырып, саноо жана сабаттуулук боюнча окуу программаларын кеңейтет.
Долбоор 2024-жылдын августуна чейин эсептелген жана Туруктуу өнүгүү максатына (ТӨМ-4) – инклюзивдүү жана тең сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жана бардыгы үчүн окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатына жетишүүгө салым кошот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн