Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Япония парламентинин делегациясы ЖКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

06.07.2023 13:56
272
Япония парламентинин делегациясы ЖКнын ишмердүүлүгү менен таанышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Япония парламентиндеги «Япония-Кыргызстан» достук лигасынын жетекчисинин орун басары Тосиаки Эндо баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселеси талкууланып, парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы Япония менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгонун эске салып: “Бул жылдар аралыгында өз ара ишенимге негизделген тыгыз кызматташтык калыптанды. Айрыкча саламаттыкты сактоо, инвестиция тартуу, санариптештирүү жаатында байланыштар бекемделип, бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой эле билим берүү тармагындагы алакалар жигердүү уланып, кыргызстандык улан-кыздардын Япониянын университеттеринде билим алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү”, – деди.

Ошондой эле төрага эки өлкө ортосундагы байланыштарды кеңейтүүдө парламенттердин да ролу чоң экенин белгилеп, акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп жатканын кошумчалады. Анын ичинен депутаттык достук топторунун ортосунда конструктивдүү диалог калыптанганын белгиледи.

“Бүгүнкү иш сапар дагы мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүнө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Кыргызстан өнүккөн Япония мамлекети менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууга кызыкдар. Бизде тоо-кен, энергетика жаатында мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Өзгөчө төрт мезгилди камтыган экотуризмдин потенциалык кең. Андыктан япон инвесторлорун биргелешип иштөөгө чакырабыз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде Япония парламентиндеги «Япония-Кыргызстан» достук лигасынын жетекчисинин орун басары Тосиаки Эндо жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү.

“Мен жетектеп келген делегациянын курамында депутаттардан тышкары, эл аралык каржылык уюмдардын, өндүрүштүк компаниялардын өкүлдөрү жана ишкерлер бар. Анткени Япония Кыргызстан менен саясий-экономикалык байланыштарды кеңейтип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар” – деди Тосиаки Эндо.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Япония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров баштаган депутаттар Гүлшаркан Култаева, Дастан Бекешев, Айсаракан Абдибаева катышты.

Иш сапарынын алкагында Япония парламентинин делегациясы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышып, жыйындар өтүүчү залдарды көрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн