Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:45
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Юридикалык кеңеш үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

24.06.2021 10:21
1114
Юридикалык кеңеш үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты

23-июнда Башкы прокуратурада «Прокурордон кеңештери» аттуу мобилдик тиркеменин презентациясы болуп өттү.


Мобилдик тиркемени ар бир жаран Кыргызстандын каалаган бурчунан колдоно алат. Жарандар өздөрүнүн арыз-даттануусун жазып калтырса болот. Калтырылган арыздар 14 күн ичинде каралып, тиешелүү органдарга тапшырылат. Бул иштелип чыккан тиркеменин максаты адам укугун коргоо дейт Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Белек Калыков.


Б. Калыков өз сөзүндө «Мобилдик тиркеменин артыкчылыгы, биздин жарандар күнүгө кездешип жаткан көйгөйлөрүн, туш болуп жаткан маселелерине, кызыккан суроолоруна жооп ала алат» — дейт.

Эске салсак бул мобилдик тиркеме 4 айдан бери иштеп жаткан. Башкы прокуратуранын www.prokuror.kg сайтынан көчүрүп алууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн