Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Юрий Шатуновдун өлүм алдындагы ыры жарык көрдү (видео)

30.06.2022 16:35
631
Юрий Шатуновдун өлүм алдындагы ыры жарык көрдү (видео)


Юрий Шатуновдун акыркы ыры жарыкка чыкты.


Аткаруучу өлөөрүнө бир нече жума калганда ырдын үстүндө иштеп бүтүргөн. Ал Шатуновдун келечектеги альбомуна киргизилиши керек болчу, бирок азыр аны өзүнчө, сингл катары чыгарууну чечишти.


"Ал муну жакында эле жаздырган. Анын акыркы чыгармаларынын бири, балким акыркысы. Биз аны биринчи жолу акыркы сапарга узатуу зыйнатында уктук. Үй-бүлөбүз менен бардык иштерди бүтүргөндөн кийин, Юранын досторун чакырып бет ачарын жасайбыз", - деп билдирди маркумдун директору Аркадий Кудряшов.


Видео 29-июнда Шатуновдун расмий YouTube каналына чыккан, бир күндө дээрлик 900 миң көрүүчүгө ээ болгон.


Эске салсак, "Ласковый май" тобунун мурдагы солисти 22-июндан 23-июнга караган түнү жүрөк оорусунан каза болгон. Ал 48 жашта болчу.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн