Кыргызстандагы абактарда массалык ачкачылык жарыяланганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
"Бул фейк, ЖАКтын бардык мекемелери штаттык режимде иш алып барууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Жаза аткаруу кызматына Чыңгыз Кожошевдин жетекчи болгонуна каршы чыгып түрмөдөгүлөр ачкачылык жарыялаганын жазышкан.
Жума күнү №1 тергөө абагында бет капчан адамдар камактагыларды сабап жатышканы тууралуу маалымат тараган. Бирок ЖАК бул маалыматты да төгүндөп, мекемеде тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргөнүн кабарлаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн