Теке 09, 2025
Убакыт: 03:53
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

ЖАКта жаңы комиссия түзүлүп, аны Кемел Садыков жетектеди

12.09.2022 12:16
1069
ЖАКта жаңы комиссия түзүлүп, аны Кемел Садыков жетектеди


 Жазаларды аткаруу кызматында коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жаза-аткаруу тутумунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды консолидациялоо максатында кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу жана ведомстволук ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен ЖАКтын жетекчилиги №554 буйругун чыгарды.


"Бул документке ылайык, КР жаза-аткаруу тутумунда коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлүүдө", - деп белгилешти ЖАКтан.


Комиссияны Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков жетектеди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн