Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ЖАМК: Сапар Исаков өзү адвокаты менен сүйлөшүүнү каалаган эмес

28.04.2020 15:00
1044
ЖАМК: Сапар Исаков өзү адвокаты менен сүйлөшүүнү каалаган эмес


Жазаларды аткаруу мамлекетти кызматынын кызматкерлери менен жеке сүйлөшүү учурунда Сапар Исаков Замир Жоошев менен жолугушууну жана сүйлөшүүнү каалабагандыгын билдирди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.


Маалыматка таянсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 жалпы режимдеги колонияга которулган. Жаңы соттолгондор 14 күн өзүнчө бөлмөдө обсервацияга алынган, ал эми жактоочулары карантин аяктаганда, камактагылар менен жолуга алышат.


Ошондой эле ар бир эркинен ажыратылган жарандар бирдей шарттарда жаза өтөөрүн, мурда жогорку кызматта иштегендерге артыкчылык каралбаганы айтылат.


Бирок буга чейин Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев кесиптеши Бакытбек Автандил уулу экөөнү № 8 абакка Исаков менен көрүшүүгө уруксат бербей койгонун социалдык тармак аркылуу айтып чыккан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн