Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ЖЕЭКтин тар чөйрөдөгү отурумунда Садыр Жапаров сөз сүйлөдү

09.12.2022 14:37
310
ЖЕЭКтин тар чөйрөдөгү отурумунда Садыр Жапаров сөз сүйлөдү

«Биздин евразиялык интеграцияга болгон бирдиктүү бекем берилгендигибиз Биримдиктин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн, евразиялык жана башка аймактык жана дүйнөлүк рыноктор ортосунда көпүрөлөрдү куруу үчүн бекем негиз болуп саналат», — деп Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин тар курамдагы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи.


Жыйынды ачып жатып, Президент Садыр Жапаров өлкө лидерлери менен учурашып, соңку 3 жыл ичинде катышуучулар биринчи жолу бетме-бет жолугушууга жетишкени эң эле натыйжалуу жана жемиштүү болорун белгиледи.


Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Президенти кызматына кириши менен дагы бир жолу куттуктап, Казакстандын башчысын шайлоо элдин толук ишенимин жана колдоосун көрсөткөнүн белгиледи. 


Президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кайрылып, бүгүнкү жыйын дүйнөлүк финансылык-экономикалык туруксуздуктун жана пандемиядан кийинки кризистин шартында өтүп жатканын, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин экономикасына оор жүк түшүп жатканын баса белгиледи. 


Ал мындай оор шарттарда мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк үчүн мамлекет башчылары колдон келгендин баарын жасашы өтө маанилүү экенин баса белгиледи. 


Жыйындын күн тартибинде Биримдик үчүн маанилүү жана актуалдуу маселелер турганын белгилеген президент Садыр Жапаров бардык катышуучуларга жемиштүү иштөөнү каалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн