Армениянын премьер-Министри Никол Пашинян Бишкекке келди.Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
«Манас» Эл аралык аэропортунда премьер-министр Никол Пашинянды министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Никол Пашинян Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн