Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 08:40
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЖК Улуттук банктын кирешелерин өлкөнүн бюджетине багыттоо боюнча мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

12.04.2024 15:22
188
ЖК Улуттук банктын кирешелерин өлкөнүн бюджетине багыттоо боюнча мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды


Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «КР Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоду.

Мыйзам долбоордун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы финансы министринин орун басары – Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Үмүтжан Аманбаев жасады.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине жүз пайыз өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн