Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев жалпы кыргызстандыктарды кирип келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун толук тексти:
Урматтуу Мекендештер!
Жалпыңыздарды кирип келе жаткан жаңы - 2025-жылыңыздар менен куттуктайм!
Сапары карып бараткан жылыбыз өтө жемиштүү жылдардын катарын толуктады. Жаңы “Ынтымак-Ордолуу” болдук. Өлкө экономикасында олуттуу алдыга жылуулар орун алды. Өз өлкөбүздө автоунаалар, алтургай чакан тик учактар да чогултулуп, сатыкка чыгарыла баштады. Жаңы мектеп, оорукана, балдар бакчаларынын имараттары мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк ачылды.
Спортчуларыбыз да Парижде өткөн олимпиада оюндарында ийгиликтерди багындырып, жалпы кыргызстандыктарды кубанычка бөлөдү. Өзгөчө бокс боюнча күмүш медалдын ээси Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши – кыргыз спортуна жаңылык алып келди. Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова олимпиада оюндарында экинчи ирет ийгилик менен кайтышты. Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков Кыргызстандын капчыгына олимпиада оюндары боюнча жаңы эки медалдын келишин камсыздашты. Элибиз мындай уул-кыздары менен дайыма сыймыктанат.
Жаңы 2025-жылда мындан дагы көп, мындан дагы албан ийгиликтер жаралсын. “Ырыс алды – ынтымак” демекчи, ириде ынтымагыбызды мындан ары да бекемдеп, алдыбызга амбициялуу бийик максаттарды коёлу. Ошого жараша талыкпастан эмгегибизди жасай берели.
Урматтуу замандаштар!
Жараткан өзү жар болуп, жергебизде ар дайым тынчтык, токчулук жана бакубат жашоо болсун. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө кут орноп, башыңыздардан бак кетпесин! Алдыга койгон бийик тилек-максаттарыңыздар, пландарыңыздар келе жаткан жылы жүзөгө ашуусуна тилектешмин. Жалпыңыздарга бекем ден соолук, узак жана бактылуу өмүр каалайм.
Жаңы жылыңыздар менен!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн