Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

ЖК депутаты Шайлообек Атазов УКМКга суракка чакырылды

09.11.2023 11:54
184
ЖК депутаты Шайлообек Атазов УКМКга суракка чакырылды


Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу маалымдады.


Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал депутаттыкка ат салышкан бир мандаттуу округдагы шайлоодо добуштарды сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган.


Шайлообек Атазов өзү добуш сатып алууга катыштыгы бар экенин четке кагууда.


Буга чейин ал бир нече күндөн бери Свердлов районунда шайлоодо анын тарапташтары болгон адамдар убактылуу кармоочу жайда 3-4 сааттан бери кыйноого алынып жатканын билдирген.


«Менин маалыматым боюнча, аларга Райымбек Матраимов шайлоо учурунда акча берген деп айтып жатышат. Алардын ата-энелери мага ыйлап келишти», — деп жазган Шайлообек Атазов.


Ал «Кудайдын, элдин, достордун, спортчу жаштардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосу менен» Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендигин айтып, аларга ыраазычылык билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн