Бугу 07, 2024
Убакыт: 02:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

ЖК эки аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканын четке какты

04.01.2024 20:07
315
ЖК эки аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканын четке какты


Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Жайыл Русланов парламентте көп аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканы боюнча маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

“Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Туура эмес маалыматтарды жайылтып, элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз”, - деп жазды Русланов.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Жогорку Кеңеш эки аял алууга уруксат берген мыйзам долбоорун даярдап жатканы тууралуу билдирүүлөр тараган.

Эске салсак, Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн