Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

ЖК каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө компенсацияны кыскартууга уруксат берди

29.06.2023 12:54
404
ЖК каза болгон прокурорлордун үй-бүлөлөрүнө компенсацияны кыскартууга уруксат берди


Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары “Прокуратура жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду үчүнчү окууда кабыл алышты.


Мыйзам долбоорунун демилгечиси президент. Ал прокуратура органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгон же майып болуп калган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку төлөмдүн көлөмүн азайтуу аркылуу бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырууну сунуштады.


Өзгөртүүлөргө ылайык, прокуратура органдарынын кызматкерлери каза болгон учурда алардын үй-бүлөлөрүнө акыркы ээлеген кызматы боюнча орточо айлыктын 20 өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөп берүү сунушталууда. Компенсациянын болжолдуу суммасы 1,5 миллион сомду түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн