Аяк оона 09, 2025
Убакыт: 21:50
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.047
1.080

ЖК комитети Гүлшаркан Култаеваны БШК мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотууну карады

09.09.2025 16:36
26
ЖК комитети Гүлшаркан Култаеваны БШК мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотууну карады


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Култаева Гүлшаркан Оконовнаны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.


Парламенттен билдиришкендей, комитет төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, Гүлшаркан Култаева Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз жазган. 


Жыйынтыгында комитет Гүлшаркан Култаеваны БШК мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн