Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Санарип кодексинин долбоору, «КР Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» жана «КР Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы.
Кодекстин долбоорунун негизги максаты санарип мейкиндикте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн