Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Нурбек Эсеналиевдин жана Бакыт Усубалиевдин талапкерлиги каралды.
Парламенттен билдиришкендей, бул талапкерлерге сунуштама президент тарабынан киргизилген.
Жыйынтыгында комитет сунушталган талапкерлер «КР судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 19-беренесинин талаптарына ылайык келерин белгилеп, Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн