Аяк оона 27, 2024
Убакыт: 22:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

ЖК комитети "Коопсуз шаар" боюнча айып пулду төмөндөтүүнү колдоду

08.06.2021 16:32
942
ЖК комитети "Коопсуз шаар" боюнча айып пулду төмөндөтүүнү колдоду

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитети "Коопсуз шаар" долбоорундагы айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин жактырды.


Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.


"Эгерде айып пул салуу жөнүндө буйрук түшкөн күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөнсө, айып пулдун өлчөмү 70 пайызга кыскарат. Башкача айтканда, айып пулдун өлчөмү 1000 сомдун ордуна 300 сомду түзөт. Бюджеттен 450 млн сом түшүп калат, долбоорду тейлеген россиялык "Вега" компаниясы чыгым тартпайт", - деди Нурбек Абдиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн